Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде мугалимдер үчүн кесиптик чеберчиликти өнүктүрүү үчүн ар кандай тренингдер өтүлүүдө.
Тактап айтканда КРнын билим берүү мыйзамындагы өзгөрүүлөр, билим берүүнүн стандарты, жаңы терминдер, 12 жылдык билим берүүнүн алкагында жаңылануулар, компьютерде иштей билүү жана ошондой эле санариптик сабаттуулук ж.б багытта мектеп директору А.Токтогулова жана окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ж.Курамышова педагогикалык жамаатка кенири маалымат беришти.


Барчын Мамытбекова