“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада Туу жана Ак калпак күнү белгиленди

3 Март 2026 жыл 20:19
Көрүүлөрдүн саны: 150

Бүгүн Ак-Талаа районунда Мамлекеттик Туу жана Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүш өтүп, ага район жетекчилиги баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Андан соң салтанаттуу иш чара К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө уланып, Туунун тарыхы, белгилердин чечмелениши жана Ак калпактын тарыхы боюнча баяндама жасалды. Иш-чараны маданият кызматкерлеринин концерттик номерлери коштоду.

Эскерте кетсек, Туу  мамлекеттин негизги белгилердин бири.

Барчын Мамытбекова