“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада мугалимдер арасында китеп окуу сынагы жарыяланды

9 Март 2026 жыл 20:44
Көрүүлөрдүн саны: 67

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү райондун мугалимдери арасында   «Окуган мугалим — окуган окуучуну тарбиялайт» аттуу китеп окуу сынагынын башталгандыгын жарыялады.

Жобого ылайык  сынактын негизги максаты — санариптик доордо кесиптик багыттагы китеп окуу менен тажрыйба алмашуу, китеп окуу аркылуу педагогикалык чеберчиликти арттыруу, мугалимдерди колдоо, дем-күч берүү менен мугалимдер арасында китеп тууралуу пикир алмашуу аянтчасын түзүү болуп саналат.

Сынакка катышуучулар жаш өзгөчөлүгүнө  карап үч муунга бөлүнөт жана ар бир муун өзүнчө «Идеалдуу мугалим (авт: Тод Уайтекер, Аннет Бре), «Жан дүйнөнү багындырган мугалим» (авт: Доган Жүжегоглу, Ирфан Эрдоган), «Мугалимдин устаттыгы» (авт: Кыялбек Акматов)  китептерин  окушат.

Учурда  жобосу бекитилип жалпы билим берүү мектептерине жиберилди. Сынакка бардык предметтик мугалимдер, китепканачылар,  класс жетекчилер катыша алышат.

Барчын Мамытбекова