“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада 90 жылдык мааракени утурлай бир катар иш чаралар өтүүдө

10 Март 2026 жыл 21:41
Көрүүлөрдүн саны: 51

Ак-Талаа районунун Баетов айылында февраль айы ичиндеги 4 округ арасында «Кыз-Жигит Сармерден» оюну өткөрүлүп, жеңүүчүлөрү аныкталды. Сармердендин жобосуна ылайык катышуучулар жергиликтүү обончулардын ырларын, элдик оозеки чыгармачылыктын көөнөрбөс үлгүсү болгон «Манас» эпосунан үзүндү, айтыш, табышмак, жаңылмач, макал-лакап, акыйнек айтуу өңдүү тапшырмаларды аткарышты. Бардые окргудар жигердүү катышып, жыйынтыгы чыгарылды. Жеңүүчү болгон округдарга  диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Аталган кыз-жигит оюну КРнын Президентинин 08.12.24. “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу жѳнүндѳ жарлыгынын алкагында жана Ак-Талаа районунун 90 жылдыгына карата К.Султангазиев атындагы  райондук маданият үйү тарабынан уюштурулду.


Мындан сырткары, кыргыз элинин  каада-салтын, фольклордук салттуу музыкасын, элдик ырларды, элдик оозеки чыгармачылыкты калк арасына кеңири жайылтуу, айыл элинин руханий эс алуусун камсыз кылуу максатында  айылдык клубдарда маданий иш чаралар ѳтүүдө.

Барчын Мамытбекова