“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы өттү

10 Март 2026 жыл 21:54
Көрүүлөрдүн саны: 50

Бүгүн Ак-Талаа райондук К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын райондук баскычы өтүп, ага 30 команда катышты.
РБББнүн усулдук кабинетинин башчысы Чынар Сатындиеванын айтымында сынак манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы » Манас» эпосу боюнча өттү.

«Сынакка жыл сайын мыкты командалар келүүдө. Айрым мектептерден экиден командалар даярдалган.  Таймашка удаа эле жаш манасчылар сынагы да өтүп жатат. Буга да катышуучулар мыкты даярдыктар менен келишкенин көрүүгө болот. Алдыңкы орундарды камсыз кылган 6 манасчы болду. Белгилей кетүүчү жагдай эпосту англис жана орус тилдеринде ацткан балдар да бар» деди Ч.Сатындиева


» Манас таануу» таймашынын жыйынтыгында, 1-2 орунду Байымбет атындагы жалпы билим берүү мектебинин»Маржан» команда жана  «Аалам-Нур» командасы жеңип алса, 3-орунду Ж.Мейманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин «Улуу баян» командасы камсыз кылды.

Барчын Мамытбекова