1936-1938-жылдардагы Сталиндик репрессияга кабылгандардын бири Мотушева Майрайым 1917-жылы (инисинин айтымында 1912-1915-ж болуусу да мүмкүн) Чолок-Кайың айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Кичинесинде чыйрак өскөн Майрайым апа айылдык мектептин 3-классын бүтүп, 15-16 жаш кезинде сабатсыздыгын толук жойгон. Андан соң өзү окуган мектепте мугалим болуу менен эмгек жолун баштаган. Өзү теңдүү жаштардан айырмаланып, 1932-жылдан тарта чарбанын ар түрдүү жумуштарында иштеп, өзүнүн демилгелүүлүгүн, жигердүүлүгүн көрсөткөн. Кандай иш болбосун так аткарган жоопкерчилигинен улам 1934-жылы Ленин комсомолунун катарына өткөн.

Партиянын саясатына каршы деген жалаа менен 1-1жарым жыл түрмөдө...
Майрайым Мотушеванын аталаш иниси Мамбеткадыр Мотушевдин маалыматына караганда латынча тамга тааныган. Эжеси тууралуу эскерүүнү баяндап берди:

Мамбеткадыр Мотушев үй-бүлөсү менен

-Ар бир ишке дилгирлигин көрсөткөн кызга колхоздун бригадирлик, андан көп өтпөй эле “Жеңиш” колхозунда (азыркы Кара-Бүргөн) селолук советтин төрайымы кызматына ишеним көрсөтүшкөн экен. Өзүнүн уюштуруучулук, жөндөмдүүлүк сапаты аны райондук аткаруу комитетинин жооптуу секретары кызматына чейин жеткирген. Активист аял катары 1938-жылы партиянын катарына кабыл алынган. Жаңыдан элге таанылып, кызмат өтөй баштаганда дал ушул 1938-жылы репрессияга кабылып, партиянын саясатына каршы ж.б ушул өңдүү жалган жалаа менен камакка алынган. Бир-бир жарым жылдай абакта отуруп, акталып чыгат. Бирок ал жактан катуу ооруга чалдыккан экен. Мен кургак учук менен ооруп калса керек деп ойлойм.
Эжем абактан келгенден кийин бир жыл төшөктө жатып, анан каза болуптур. Искен чон атамдын айтымында тубаса зээндүү жан болгон экен.
Майрайым Мотушева кандай адам эле..?
-1939-жылдары Ленинде башкарма болуп турган И.Чодонов деген киши бар эле. Ошол киши айтты эле: “Райкомдун биринчи катчысы Узак Жыргалбаев, Конорчокко жаңы башкарма болгон Нияз үчөөбүз шартка ылайык ошол жерде конууга туура келди. У. Жыргалбаев “анда Мотуш аксакалдыкына баралы. Майрайым менен чогуу иштештим эле учураша кетейин” дегенинен бардык. Учурашып, ал-жай сурашып, чогуу тамактандык, төшөктө экен. Майрайым бизге, айрыкча У.Жыргалбаевге ыраазы болгонун, “ишим ак экен, акталдым. Бул илдетке түрмөдөн чалдыктым, айыгамбы жокпу билбейм. Сыркоолуу адамды сурап келгениңерге рахмат” деп кубангансып калды. Ошондон көп өтпөй кайтыш болду. Кайран кишини көргөнүм ошол. Аялдын да, эркектин мүнөзү бар эле”-дегени дайым эсимде.
-1980-жылдары Ысык-Көл районунун Бостери айылына мейманчылап барып калдым. Барган үйдө 70 жаштардагы байбиче отуруптур. Кайдан келгенимди сурап, акталаалык экенимди билгенден кийин, айылымды, ата-тегимди тактады. Дайынымды айткан соң Майрамыйымдын иниси экенимди, атам картаң киши экенин айтты. Мен болсо баарын жайынча түшүндүрүп бердим. “Олда кайран киши. Ак жеринен камалып кетип, ошонун кесепетинен оорулуу болуп, каза болбодубу. Мен бирге ишкешкем, райондук соттун төрайымы элем”-деди байбиче. Кийин архивден каратсак, ал байбиче 1939-жылдары райсоттун төрайымы болуп иштеген Орозбаева деген адам болуп чыкты.
Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин (А.Т)
-Эжекем жөнүндө 70-90-жылдарда жакшы билген адамдардан-Т.Жолдубаев, К.Алашов, И.Чодонов, А.Байсяков өңдүү адамдардан көп жакшы пикирлерди уктум. 1979-1980-жылдарда республикада жооптуу кызматта иштеген Дүйшөбай Шаршекеев деген келип, экөөбүз Үгүткө Акимаалы аксакалга учурашканы бардык. Экөө райондо чогуу иштегендиктен абдан жакшы маанайда учурашты. Чай үстүндө аксакал мен тууралуу сурады. Аты-жөнүмдү айтсам Майрамымдын иниси экенимди айтып: “Жакшыдан ини калган тура. Өзү балалуу болгон жок окшойт. Адамгерчилиги бийик, жакшы адам эле, чогуу иштешкенбиз” деп ал киши да эжекемдин ак жеринен күйгөнүн айтты.
-Кыргызда “атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн” деп бекеринен айтылбайт тура. Эжекемдин артында калган эмгегин бирге иштегендери, чогуу жүргөн адамдары эскерип турганына каниет кылам, шүгүр дейм. Эжекемди сулуу жан болчу дешет, кызымды окшоштурам. Атын да Майрайым деп койгом.


Мамбеткадыр Мотушев ата- кесиби боюнча ветеринар. Учурунда райондогу ветеринария тармагын жетектеген, андан соң да бир катар жооптуу иштерде эмгектенип, азыр ардактуу эс алууда. Дагы да болсо эжеси Майрайымдын тарыхын издөө менен алек. Акталаадан чыккан алгачкы “актив” аял жөнүндө тарыхчы Байдилдеев Жумагулдун да эмгектери бар. Бул маалыматтагы эскерүүлөр Мамбеткадыр Мотушевдин айтып бергендери боюнча даярдалды жана айрымдары Ж.Байдилдеевдин “Ак-Талаа-ата мурасы” китебинен алынды.
Барчын Мамытбекова