“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Социалдык кызматкер сабырдуу жана психолог болушу керек…

17 Март 2026 жыл 13:50
Көрүүлөрдүн саны: 266

  Китеп окуп, карын күрөп беришет

Учурда Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция  башкармалыгында штат боюнча 14 үйүнөн тейлөөчү  социалдык кызматкер бар. Башкармалыктын жетекчиси Эрлан Качкынбаевдин маалыматныа караганда, социалдык кызматкерлер  графикке ылайык  жарандарды  кыдырып турушат. «МСЭКтен өткөн учурда тиешелүү  иш кагаздарын даярдап, керектүү дары-дармектерин үйүнө  жеткирип берип жана ден-соолугуна байкоо жүргүзөт.   Ошондой эле үйлөрүн жыйнап, актап-тазалап,  китеп окуп, кыш мезгилинде  кар күрөө өңдүү кызматтарды аткарышат. Айтор социалдык топтордун татыктуу  жана сапатуу жашоо денгээлин камсыз кылышат» дейт.

Социалдык кызматкерлер негизинен каралашаары жок, жалгыз бой кары-картаңдар, ден- соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жалгыз жашаган майыптарга жардам беришет. Зарыл учурда юридикалык жардам көрсөтүүгө, ар кандай жеңилдиктерди алуу үчүн тиешелүү мекемелерге сунуштоого документтерди даярдоого туура келет.

Кыштын ысык-суугу, күн-түн маанилүү эмес.

Назира Чыкын кызы  17 жылдан бери  Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарынын социалдык кызматкери болуп эмгектенет. Айтымында  күндүн маалы, мезгилдин суук-ысыгы таасир этпейт.

«Анткени  кайсы учур болбосун зарыл учурда жардам берүү милдетибиз. Жумушубуз албетте оор, айыл чоң, жумасына барышыбыз  керек.   Жүрүм турумуна көз салып, тиешелүү учурларда айылдык участкалык инспектор менен бирге  да кыдырып турабыз.  Ар кандай адамдар болот, биздин жумушта эң биринчи сабырдуулук, анан психолог болушуң керек. Учурда 10 киши тейлейм, экөө жалгыз бой кары, 8и ДМЧ» -деген Назира Чыкын кызы бир окуя менен бөлүштү.

«Келин өзнө кол салабы» деп корктум

«Биз өзүбүздүн караган кишилерибизден сырткары айылдагы болгон социалдык маселелерден сырткары-көп учурда үй-бүлөлүк маселелер менен кайрылышат ( күйөөсү ичип келет же кайын эне-келин келишпей калат). Ал учурда барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө туура келет.
Бир жолу түнкү саат 10дордо  бир келин чалды: «эже күйөөм мас, тажап кеттим, өлүп эле кутулбасам болбойт,  азыр короодо жүрөм» деп.  Мен да үйдө жалгыз болчумун. Ал келиндин үч баласы, кайра боюнда бар болчу. Келин ызасы менен өзүнө бир нерсе кылып коёт го деп коркуп кеттим, анан ал келинди «үйгө кел экөөбүз сүйлөшөлү, сен бери жолго чык мен тосуп алам» деп чакырдым.  Жакшы эле жалынып-жалбарып алаксытып, акыры макул болду. Ал келин наркы айылда,  мен берки айыл -экөөбүздүн ортобузда чоң көпүрө бар. Мен көпүрөгө чейин келип келинди күтүп турдум, ал келин бир топто келди. Ал келгиче эмнени гана ойлогон жокмун, бир нерсе болуп өзүнө кол салып жибербесе экен деп кайра кайра телефон чалып жаттым. Экөөбүз үйгө келдик, кобурашып отуруп чай ичтик, кыскасы келинди тынчтандырдым, жаныма төшөк салып берип жаткырдым, эртең менен экөөбүз чогуу кеттик, аны үйүнө чейин узатып койдум»-дейт Н.Чыкын кызы. Ал мындай окуялар көп болорун кошумчалады.

Маалымат 17-март социалдык кызматтын Бүткүл Дүйнөлүк күнүнө карата даярдалды.

Барчын Мамытбекова