“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада Айт намазы окулду

20 Март 2026 жыл 10:45
Көрүүлөрдүн саны: 61

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан 20-март Орозо айт майрамы деп белгиленгендиктен бүгүн Баетов айылындагы Борбордук «Абу Бакр Ас-Сыдык» мечитинде Айт намазы окулду.

Алгач куран окулуп, дин кызматкерлери орозонун маани-маңызы ж.б баяндар айтылды.

Андан соң Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким М.Камчыбеков Орозо айт майрамы менен куттуктап, ар бир үйдө тынчтык, молчулук, береке жана ынтымак болсун деген тилектештигин билдирди.
Эске салсак,  Орозо айт майрамы орозо аяктагандыгын белгилеген  мусулмандардын майрамы.

Барчын Мамытбекова