“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаа району Нооруз майрамындагы сынактарда байгелүү орундарды камсыздады

21 Март 2026 жыл 21:24
Көрүүлөрдүн саны: 93

Бүгүн Нарын шаарындагы  Нооруз майрамынын алкагында уюштурулган сынактарда Ак-Талаа району бир катар  байгелүү орундарды камсыздашты.
Тактап айтканда,
Боз үй боюнча — 2-орун, байгеси 90 миң сом (Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылы);


Сүмөлөк боюнча 35-номердеги казандын сүмөлөгү 2-орун 50 миң сом ( Ала-Буга айыл аймагы,Чолок-Кайың айылы);


Кол өнөрчүлүк боюнча 30 миң сом (Кара-Бүргөн айыл аймагынын уюштуруусунда район боюнча мыкты эмгектер топтолгон);
Улуттук даам боюнча кызыктыруучу 10 миң сом (Ала-Буга айыл аймагы)  сыйлыкка ээ болушту.

Барчын Мамытбекова