Бүгүн Ак-Талаа районундагы Баетов айылында Нооруз майрамына арналган «Арыба кыргызымдын нарктуулугу» аттуу майрамдык салтанат белгиленди. Анда уздардын кол эмгектери, улуттук тамак-аш көргөзмөгө коюлду.

Ошондой эле түнү бою бышырылган 14 казан сүмөлөк энелердин ак батасы, тилеги менен ачылды.

Майрамга арналган салтанат алгач маданият кызматкерлеринин театралдаштырылган программасы менен башталып, ыр-күүлөр менен уланды.

Акимдин орун басары Улан Жылтыров жана Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Арстан Акиев жалпы элди улустун Улуу күнү менен куттуктап, элге-журтка тынчтык, молчулук жана өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө тилектештигин билдиришти.

Майрамдын жүрүшүндө Баетов айыл өкмөтү тарабынан элге бешбармак, казы-карта, чучук жана сүмөлөк таратылды.

Даярдаган Барчын Мамытбекова
Сүрөттөр: Баяна Токтотемирова, Мээрим Тентиева, Диана Нурланова