
Ак-Талаа райондук статистика башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Андашевдин айтымында, КРнын министрлер кабинетинин айыл чарбасын каттоо жана өткөрүү токтомунун жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын айыл чарбасына даярдык көрүү максатындагы буйругунун негизинде атайын окутулган адистер жана райондук статистика башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте айыл чарба обьектилерин каттоого старт берилди.
Тактап айтканда, айыл чарбасын каттоого айыл чарба жерлери, мал, сарайлар, айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүргөн ишканалар жана кичи цехтер, айыл чарба техникалары, үй канаттуулары каттоого алынат.
Бул өнөктүккө Ала-Буга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100 миң сом, Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 80 миң сом, Баетов айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100 миң сом жана Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн бюджетинен 200 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Эскерте кетсек, айыл чарбасын каттоо өлкөдө мал-жандыктардын санын так эсепке алууга, ветеринардык иш чараларды пландаштырууга, агрардык саясатты натыйжалуу жүргүзүүгө ж.б иштерди ыраттуу жүргүзүүгө өбөлгө болот. Каттоо 10-апрелге чейин жүрөт.
Барчын Мамытбекова