Ак-Талаа районунда жазгы айдап-себүү иштерине карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн болжолдуу түзүлүшү (структурасы) бекиди.
Район боюнча былтыркы жылы 5115,0 га аянтка дан өсүмдүктөрү, 10317,0 га көп жылдык өсүмдүк айдалган. Ал эми быйылкы жылы дан өсүмдүктөрүн 5241,0 га, башкача айтканда 136 га көп айдоо пландалууда. Ак-Талаа райондук агрардык өнуктүрүү башкармалыгынын бышкы адиси Айжамал Кадыркулованын айтымында учурда аймактарда жазгы талаа иштерине даярдыктар көрүлүүдө.

«Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу Ак-Талаа районуна 122900 литр дизель отуну бөлүнүп, 74 сомдон дыйкандарга сатылууда жана бүгүнкү күндө 7000 литр таратылды. Мындан сырткары райондогу «Бишкек Петролеум» май куюучу жайларда 80 сомдон сатылууда. Ал эми техникалар 80% жазгы талаа иштерине чыгууга даяр»-деп билдирди.

Сүрөт архив)
Ошондой эле бекитилген болжолдуу структурада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Район аймагында жазгы айдап себүү иштери 15-апрелден башталары белгилүү болду.
Барчын Мамытбекова