Ак-Талаа районунда мектеп окуучуларынын лигасы өтүп, ал үч күнгө созулду. Волейбол, футбол, баскетбол боюнча өткөн мелдештерге район боюнча 18 мектептин командалары катышты.
Жыйынтыгында:
Волейбол боюнча кыздар арасында
1-орун Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин командасы (мындан ары ж.б.б.м)


2-орун Э.Карасартов а.и.ж.б.б.мектебинин командасы
3-орун Байымбет а.ж.б.б. мектебинин командасы камсыздады.
Балдар арасында волейбол боюнча:
1-орун Мейманов а.ж.б.б.мектебинин командасы
2-орун Э.Карасартов а.ж.б.б.мектебинин командасы
3-орун С.Атамбеков а.ж.б.б.мектебинин командасы
4-орун А.Абдраимов а.ж.б.б.мектебинин командасы
Ал эми футбол боюнча
1-орун Ш.Бейшеналиев а.и.ж.б.б.м.
2-орун Э.Карасартов а.и.ж.б.б.м.
3-орун Б.Календеров а.ж.б.б.м.
Баскетбол оюну боюнча 2 мектептин командасы гана катышып, 1-орунга Ш.Бейшеналиев а.и.ж.б.б.мектеби чыкса, Э.Карасартов а.и.ж.б.б.мектеби 2-орунга ээ болду.


Алдыңкы орундарды камсыз кылган командалар лиганын облустук туруна катышат.