Ак-Талаа районунда айыл чарбасын каттоо өнөктүгү уланууда. өнөктүктү өз убагында бүткөрүү үчүн жалпы район боюнча 1 өкүл, 1 башкы адис жана 2 координатор дайындалган. Ошондой эле, ар бир айыл аймактары боюнча дагы 8 инструктор, 29 каттоочу каттоо иштерин жүргүзүүдө.

Каттоо учуру (Сүрөт архив)
Ак-Талаа райондук статистика башкармалыгынан алынган маалыматка караганда 4054 кожолук каттоодон өттү. «Быйылкы каттоонун өзгөчөлүгү- электрондук форматта жүргүзүлүп, айыл чарба жерлеринин абалы, өсүмдүктөрдүн эгин аянттары, мал жандыктардын жана канаттуулардын так саны, айыл чарба техникаларынын саны боюнча маалыматтар топтолот. Каттоо апрель айынын 10на бүтүү белгиленген. Учурда 50,90% бүттү» деди башкармалыктын жетекчиси А.Андашов.
Белгилей кетсек, айыл чарба каттоосу өлкөдө 10 жылда бир жолу өткөрүлөт. Бул иш-чараайыл чарбасынын реалдуу абалы жана түзүмү жөнүндө так маалымат алууга багытталган маанилүү улуттук статистикалык долбоор болуп саналат.
Барчын Мамытбекова