“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада 7-апрель-Элдик революцияда каа болгондор эскерилди

7 Апрель 2026 жыл 13:12
Көрүүлөрдүн саны: 29

Бүгүн Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Адилет Карасартов атындагы сейил бакта  7-апрель элдик революциясында курман болгондорду эскерүү иш чарасы өттү.

Ага бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишкана кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө, алгач элдик революциянын баатыры Адилет Карасартовдун эстелигине гүлчамбар коюлуп, ага багышталып куран окулду. Андан соң, райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан 7-апрель окуясын сахналаштырылган чакан сценка коюлуп, көркөм окуулар айтылып, мекенчилдик ырлар аткарылды.

Эске салсак, 2010-жылы 6-апрелде  Талас шаарынан башталган элдик толкундоолор, 7-апрелде бардык өлкөнү кучагына алган. Кандуу окуя катары тарыхта калган бул күнү  бийликтин куралдуу куугунтугунан 100гө жакын адам  өлкөнүн эртеңи үчүн  жан берген.

Барчын Мамытбекова