“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ден-соолук күнүнө карата спорттук мелдештер уюштурулду

8 Апрель 2026 жыл 21:03
Көрүүлөрдүн саны: 30

Ак-Талаа районунун Баетов айылында 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата жалпы дарыгерлик-практикалык борбору жана ден соолук кабинети тарабынан кыз-келиндер арасында аралыкка чуркоо жана эркектер арасында аркан тартыш боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Жыйынтыгында:

Кыз-келиндер арасында алыстыкка чуркоо боюнча;

— 1-орунду Айпери Нусупбек кызы,
— 2-орунду Бурул Мамбетказиева,
— 3-орунду Акылай Асылбекова камсыздады.

Мырзалар арасында аркан тартыш боюнча;

— 1-орунду Мааданбек Барашов атындагы кесиптик лицейдин командасы,
— 2-орунду 1985-жылкы «Достор» командасы,
— 3-орунду Ак-Талаа райондук соттун командасы камсыздады.

Жеңүүчүлөргө  диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Аталган спорттук иш чара калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу, спортко кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулду.

Барчын Мамытбекова