“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада жашылдандыруу иштерине карата 100 түп карагай отургузулду

9 Апрель 2026 жыл 14:40
Көрүүлөрдүн саны: 32

Ак-Талаа районунун Баетов жана Терек айылдарында  бак-дарактын  көчөттөрү отургузулду.

Маалыматка караганда, Баетов айылынын борбордук аянтына жана Жеңиш сейил багына, Афган -Баткен эстелигинин алдына жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштеринин алкагында  100 түп карагай отургузулду. Карагайлар жергиликтүү  бюджеттин эсебинен 170 миң сомго Нарын шаарынан   алынып келди. Көчот отургузуу иштерин бала бакчалардын  кенже кызматкерлери жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери аткарышты.

Барчын Мамытбекова