“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада мектептин жыйындар залы оңдолду

16 Апрель 2026 жыл 7:21
Көрүүлөрдүн саны: 26

Ак-Талаа районундагы  Байымбет атындагы жалпы билим берүү мектебинин жыйындар залы оңдоп-түзөөдөн өтту.

Аталган мектептин директору Мээрим Кулманбетованын айтымында жергиликтүү кеңештин  депутаттарынын колдоосу менен 539 000 (беш жүз отуз тогуз миң) сомго  жыйындар залынын ички жасалгасы жаңыланды.

Мынданы сырткары, жүргүзүлгөн оңдоо иштери билим берүү мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, окуу-тарбия процессин жакшыртууга жана ар кандай маданий, тарбиялык иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын кошумчалады.

Барчын Мамытбекова