Ак-Талаа районунда залкар жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Эл аралык Ысык-Көл форумунун иш-чараларынын алкагында жаш интеллектуалдардын форуму өтүп, жалпы 64 окуучу катышты.
Ж.Сыдыков атындагы балдардын билим берүү борборунун директору А.Дөөлөтбековдун айтымында быйыл форумга катышкандардын жасаган эмгектеринде кыйла өзгөрүү, өнүгүү бар.
Катышуучулар жаш категорияларына жараша эмгектеринин маанилүүлүгү, анын пайдасы, колдонуу чөйрөсү тууралуу кеңири маалымат беришти.
Аталган форум гуманисттик баалуулуктардын, маданий иденттүүлүктүн жана социалдык жоопкерчиликтин негизинде келечектин технологияларын түзүүгө жөндөмдүү жаш изилдөөчүлөрдүн, инженерлердин, ойлоп табуучулардын жана ишкерлердин мууну — XXI кылымдын интеллектуалдарынын эл аралык коомчулугун түзүү максатында уюштурулду.
Соңунда жеңүүчүлөр аныкталып, 30 окуучу облустук турга катышууга жолдомо алды.
https://youtube.com/shorts/0DrxOL2wPr4?si=-hjsnvBac6JfOoDK
Мээрим Тентиева