Нарын облусунун Ак-Талаа районунда курулганына дээрлик бир кылым болгон аскер комиссариатынын имараты бузулуп, анын ордуна жаңы имарат курууга старт берилди.

Тактап айтканда, кечээ 16-апрель күнү райондук аскер комиссариатынын жаңы имаратына мезгил кутусун салуу аземине КРнын Коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетов, район акими Мирлан Камчыбеков, Ооган согушунун, Баткен согушунун ардагерлери, мекеме-ишкана жетекчилери катышты.

Белгилүү болгондой, Ак-Талаа райондук аскер комиссариатынын эски имараты 1927-жылы курулган. 1941-1945-жылдагы Улуу Ата-Мекендик согушка Ак-Талаа районунун согуш ардагерлери дал ушул имаратта каттоого алынып, согуш майданына жөнөтүлгөн. Аталган имараттын эскилиги жетип, дубалдарынан жарака кетип, пайдаланууга жараксыз абалга келген.
Эми анын ордуна бардык шарттары менен 2 кабаттуу имарат курулары маалым болду.


Ал эми министр Руслан Мукамбетов имарат куруучу ишкана өкүлүнөн имаратты сапаттуу жана тез курууларын талап кылуу менен бирге эле райондук бийлик менен тыгыз иш алып баруу керектигин белгиледи.

https://youtube.com/shorts/RQClM2jWl4M?si=EMaRRH4a9ohfeJwo
Барчын Мамытбекова