Кечээ Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде ата-энелер менен бирдикте спорттук мелдештер өткөрүлдү. Ага жаш курактарына жараша 1-11-класстын окуучуларынын ата-энелери волейбол ойноп, аркан тартыш, эстафетага катышты. Жыйынтыгында, мектеп жетекчилиги тарабынан жеңүүчүлөргө грамота, дипломдор тапшырылды.
Ата-энелердин спорттук оюндары менен бирге салт болуп калгандай мектеп парламентинин жарманкеси дагы уюштурулуп, анда окуучулар жасаган ар кандай шириндиктер, татуулар, ширелер сатылды.
Баяна Токтотемирова