“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаа районунун 90 жылдыгына карата: «Акын жана Ак-Талаа» поэзия кечеси

22 Апрель 2026 жыл 15:05
Көрүүлөрдүн саны: 186

Ак-Талаа районунун 90 жылдыгына карата Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде Кыргыз Эл акыны жана журналист  Өмүрбек Дөлөевдин өмүрү-чыгармачылык жолуна арналган «Акын жана Ак-Талаа аттуу» поэзия кечеси өтүп, ага акындын өзү менен бирге замандаштары, кесиптештери жана жакындары, мугалимдер жана окуучулар жамааты, ошондой эле акимдин орун басары  катышты.

 

Кеченин жүрүшүндө Ө.Дөлөевди  поэзия кечеси менен куттукташып, анын  адамдык жана акындык тагдыры тууралуу аны жакшы билгендер айтып беришти. Мындан сырткары акындын калемине таандык ырлар көркөм окулуп, «Казыбектин казалы», «Ак-Мөөр Соң-Көл периси», «Сен менин түшүмсүң» аттуу обон жазылган ырларын мугалимдердин аткаруусунда тартууланды.  Кеченин соңунда акын меймандарга райондун 90 жылдыгына арнап жазган ырларынан окуп, уюштуруучалрга ыразычылык билдирди.

 

Кеченин соңунда акын меймандарга райондун 90 жылдыгына арнап жазган ырларынан окуп, уюштуруучуларга ыразычылык билдирди.

 

Ал эми мектеп директору А.Токтогулова акынга чыгармачылык ийгилик каалоо менен бирге райондун 90 жылдыгына арналган иш аралар мындан ары да улантыла берерин айтты.

Барчын Мамытбекова

Сүрөт: Баяна Токтотемирова