“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Улуттук мурастын улуу өкүлү-Тоголок Молдо

22 Апрель 2026 жыл 15:22
Көрүүлөрдүн саны: 28

Кечээ  Ак-Талаа районундагы Байымбет атындагы жалпы билим берүү мектебинде  Тоголок Молдонун (Байымбет Абдрахманов) 165 жылдык мааракесине арналган «Улуттук мурастын улуу өкүлү — Тоголок Молдо» аттуу райондук семинар болуп өттү.


Семинар  Тоголок Молдонун кыргыз адабиятына, маданиятына жана фольклоруна кошкон баа жеткис  салымын, анын калтырган бай адабий мурасын кеңири жайылтуу жана даңазалоо менен бирге жаш муундарды залкар инсандын чыгармалары аркылуу мекенчилдикке, адеп-ахлактуулукка,  өз элинин тарыхын, тилин кадырлоого тарбиялоо жана кол жазмаларын, анын фольклор жыйноочулук эмгегин, кыргыз санжырасын изилдөөдөгү ролун мугалимдер жана окуучулар арасында тереңдетүү максатында уюштурулду.


Семинардын жүрүшүндө заманбап технологияларды жана усулдарды колдонуу менен акындын чыгармалары боюнча боюнча сабактар өтүлүп, мугалимдер тажрыйба алмашты.  Ал эми  тарбиялык сааттарда окуучулар Тоголок Молдонун  чыгармачылыгы менен терең таанышып, анын тамсилдериндеги тарбиялык маанини аңдап билишти.
Барчын Мамытбекова