42 жаштагы Индира Абылгазиева учурда Байымбет атындагы орто мектебинде информатика сабагынын мугалими болуп эмгектенет. Бүткүл Дүйнөлук теннис күнүнө карата спорттун ушул түрү тууралуу сүйлөштүк. Анткени Индира айым теннисти мыкты ойногондордун бири.

Теннис ойногон кыз-келиндер аз
Теннисти 10 жашымдан баштап ойнодум, машыктыруучум Канайым Мааданова эже болчу. Эжени тааныгандар анын мыкты оюнчу, машыктыруучу болгонун тандырышпайт. Ошол кезде райондо эле эмес, облустук турнирлерде бир нече ирет биринчи орунду, ал эми республикада 3-орунду камсыздап, көптөгөн ийгиликтерге жетишкем.
Анан айыл жерине турмушка чыгып, үзгүлтүк болуп калды. 2014 -2015 жылдары Тиленбаева Ажар эже биздин мектепке директор болуп келип калды. Ажар эже, Канайым эжелер бизди бала кезде спартакиадаларга жетектеп барышчу да. Эже келгенден баштап кайра тенниске болгон кызыгуум башталып, ойноп калдым. Күнүгө деп айта албайм, иш, тирилик бар дегендей. Кээ бир күндөрү мектептен ойноп коём . Бирок өзүңүздөргө маалым болгондой теннис ойногон кыз , келиндер аз.
Теннис мага өзүнүн динамикасы, ылдамдыгы менен жагат. Ар бир оюн өзгөчө өтөт, анткени сен ар дайым ойлонуп, ыкчам, туура чечим кабыл алышың керек. Мага айрыкча атаандаштык жана жеңишке жетүү сезими абдан кызыктуу.


Оюн учурунда өзүңө ишеним маанилүү
Теннис мага өзүнүн динамикасы, ылдамдыгы менен жагат. Ар бир оюн өзгөчө өтөт, анткени сен ар дайым ойлонуп, ыкчам, туура чечим кабыл алышың керек. Мага айрыкча атаандаштык жана жеңишке жетүү сезими абдан кызыктуу.
Бул оюнда чыдамкайлык, сабырдуулук жана өзүнө болгон ишеним эң маанилүү. Ойноп жатканда көңүлдү топтоо, туура техника, ылдам кыймыл жана так соккуларга өзгөчө көңүл буруу керек деп ойлойм. Ошондой эле эмоцияны көзөмөлдөө да чоң роль ойнойт.

Кыялданган курагым өтүп кетти
Чоң спортко аралашууну кыялданам деп толук түрдө чечкиндүү айта албай да кетип жатам . Себеби кыялданган убагым өтүп кетти окшойт, чындыгында көп деле ойлонбойм. Себеби акыркы убакта кандай спорттук иш чара болбосун теннис оюну бар дегенди көп укпай калдым да. Же ошол себептен кыялданбай калдымбы деп ойлонуп кетип жатам .
Тенниске кызыккан кыздарга айтарым — эч качан коркпогула, дайыма машыгып, өзүңөргө ишенгиле. Эмгек жана аракет болсо, сөзсүз жыйынтык болот.
Барчын Мамытбекова