“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Биринчи жолу 7 жашымда сайма сайдым» Астра Макеева кол өнөрчүлүгү тууралуу ой бөлүштү

26 Апрель 2026 жыл 19:41
Көрүүлөрдүн саны: 53

Макеева Астра Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айлында туулган. Алгач Нарындагы педагогикалык окуу жайды, кийин Нарын Мамлекеттик Униеврситетин сырттан окуп бүтүргөн. Кесиби бонча башталгыч класстын мугалими. 50 жаштагы каарманыбыз учурда Байгөнчөк айылындагы бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенип келет. Тарбиячы болуу менен бирге эле кол өнөрчүлүктүн бир нече түрү менен алектенет.

Кол өнөрчүлүккө ата-энем аркылуу келип калдым деп ойлойм
Илгертен эле кыргыз наркында кол өнөрчүлүк энеден кызга, атадан балага өткөн эмеспи. Атам жасаган ишинин майын чыгарган уста, апам болсо кыргыз аялдарына таандык кол эмгектин чебери эле. Мен апамдын жасаган буюдарына, бизге тигип, түйүп берген көйнөктөрүнө абдан кызыгуу менен кунт коюп карай берер элем. Айылдагы мен курактагы кыздар ойноп жүрсө, мен апамдын жасагандарын карап отурчумун, кызык болчу мага. Апам: «өтө түйшүкчүлсүң»- деп айтаар эле. Апам айткандай эле болдум, бош отургум келбейт. Улам бир жаңы нерсени жаратып, жасагым келип турат.
7 жашка келген кезде апам чийбархыт деген кездемеге бугунун башын түшүрүп, сайма сая баштады. Мен ошондо «Апа мен да сайма саям»- деп чырдадым. Апам болсо «Сен муну сая албайсың»- деп ак матага (болотнай дечүбүз) жакшынакай гүл тартып, басма сайманы үйрөткөн, аны жакшынакай кылып, дал апам көрсөтүп бергендей сайдым. Ошол жылы 1-класска киргем.
Мектепте кол эмгек сабагында кыздар, балдарды бөлүп окутат эле. Мугалим эже сайма сайып келгиле деп тапшырма берген. Төрт бурчтук ак матанын бир бурчуна, сунулган кол менен гүлдөрдү кармап турган жерин басма сайма менен кооздоп, колду өзгөчө назик,сулуу кылып сайып барганым эсимде. Ал саймам ошол кол эмгек кабинетиндеги бети айнектелген шкафтын текчесинде мен 11-классты аяктагыча турчу. Ошол саймамды көргөн сайын сыймыктанчумун. Капталына атымды жана фамилямды жазып койгом. Сүрөт сабагын абдан жакшы көрчүмүн, көргөзмөдө дайым тарткан сүрөттөрүм турар эле.
Жүндөн жакындарыма кийим токуп берчүмүн
90-жылдардын башында жокчулук  эле заман болду окшойт. Атам ошол кезде жип ийриген машинка жасап берди. Жүндөн жип ийрип, жакындарыма юбка, байпак ж.б кийимдерди түйүп берчүмүн. Бирөөнүн кийип турган кийимин карап туруп түшүрүлгөн гүлдөрүн карап, жиптерин санап, үйгө келип ошону түйчүмүн (ал убакта көбүнчө колго токулган кийимдерди да  көп кийишчү). Бир шиш менен керебет аяк (жүк жыйган керебеттин алды жагына тартыла турчу саймалуу буюм) түйгөндү үйрөндүм. Студент кезде кездеме сатып алып, көйнөк тигип кийчүмүн, тигүүчүлүктү окуган жокмун, тубаса өнөр болсо керек. Азыр деле керек учурда үлгүлөрдү карап, бычып, тиге берем. Тон да тигем. Айтор мен тикпеген нерсе калган жок окшойт.
Апам бир көргөзүп бергенде илип кетээр элем. Анан бүлөлүү болгондон баштап, алгач буюрутма менен айылдаштардын жер төшөгүн, килемчелерин жасап, шырдактарын оюп, шырып берип жүрүп эле, оймочу болуп кеттим.

Астра Макееванын колунан жаралган эмгектер

Шырдакка оюу тартуу эргүү берет
Кол өнөрчүлүк кылуу деле жаш өзгөчөлүккө, кызыгууга жараша болот окшойт.
Жаш кезимде сайма сайганды, кийим тиккенди, курак кураганды жакшы көрөт элем. Азыр мага шырдак жасоо жана шырдакка түшүрүү үчүн оюуларды тартуу мага укмуштуудай эргүү берет. Ал эми шырдакты шыруу узак убакытты жана кылдаттыкты талап кылгандыктан-эң кыйыны. Анткени астын астын чалбай шыруу керек үстү менен асты бирдей сулуу түшүш керек.
Саймага, шырдакка ж.б .буюмдарга оюм-чийимдерди түшүрүүдө, биринчи анын эстетикалык жактан көрк беришине каралат. Кыргыз оюуларынын ар биринин чечмелениши бар. Ата-бабаларыбыз оюуларды жансыз жана жандуу жаратылыштан алган, жөн эле ойдон чыгарып, туш келди түшүрө берген эмес. М, жалбырак, карга тырмак,ит куйрук, кочкор мүйүз, теке мүйүз, булак, умай эне, кыял оюу ж.б. Ошол эл учурда өңдөрдү да туура маанилүү, шайкеш келүүсү керек. Өң дал келбесе шырдак да жакшы чыкпайт.

Шырдакка оюу түшүргөн эргүү берет

Буйрутманы кардардын каалоосуна ылайык жасайм
Мен үчүн ар бир буйрутма үчүн кардардын ыразычылыгы маанилүү. Шырдак ойдуруу үчүн айылдын тургундарынан сырткары башка айылдардан, Нарындан, Бишкектен келип ойдуруп кетишет. Азыр телефон болгондуктан кандай оюм-чийимдүү болуш керектигин көрсөтүп коюшат, ошол боюнча түшүрүп, оюп берем. Кызыма арнап жасаган шырдагымдын оюуларын өзгөчө дизайн менен салгам.

Шырдакта оюу менен бирге өн дагы дал келиш керек


Азыр заманга жараша кийиз жасоо кыйын болуп калды, себеби, жүндөрдүн кылчык болушу, мурункудай бири -бирине жардамдашуу, ашар кылуу деген жоюлуп бара жатпайбы, албетте өкүнүчтүү. Андыктан жалгыз киши кийиз жасай албайт. Бирөөнүн ишин бирөө бекер жасабайт. Ошондой эле жаш келиндердин, кыздардын кол өнөрчүлүккө кызыгуусу болгону менен кол өнөрчүлүктүн түйшүгүнөн качканы, жеңил жагын ойлогону.
Бирок ошого карабастан кийизди өзүм жасайм. Бир шырдакты тынбай отуруп жасасам бир жарым айда толук бүтөм.
Азыркы учурда салтуу кол өнөрчүлүк жоголуп унутулуп кетет деген таризде кайрадан улантуу үчүн көңүл бурулуп жатат, бирок дагы деле жетишсиз. Кийинки муунга үйрөтүү, калтыруу, сактап калуу үчүн жогорку денгээлде иш аракеттер жүрсө. Ошол жоголуу коркунучунда турган нерсенин бири бул- эне тилибиз. Азыркы жаштар буга аңдап маани бербейт. Дагы бир үч-төрт муун өтсө кыргыз тили жоюлуп кетеби деп тынчсыздана берем.

Албетте анан кол өнөрчүлүк менен жакшы каражат табууга болот. Бирок бир гана ошол кол өнөрчүлүк менен алек болуш керек. Иштеген ишиң болсо тоскоолдук жаратат. Жасап жаткан буюмуң же буйрутмаң мерчемделген убакка бүтпөйт.

Алдыда көп максаттарым бар
Кол өнөрчүлүк ар бир адамга берилген шык-жөндөм, өнөр. Ар бир адамга 1% болсо да талант берилсе, анын 99% эмгек деп коет эмеспи. Беилген талантты өркүндөтүп кетүү ар бир адамдын шыгына -жөндөмүнө, кызыгуусуна жараша өнүгөт. Бир адамдын өнөрү экинчи адамдыкына окшобойт, кандайдыр бир окшобогон жактары сөзсүз болот. Анткени өнөр кайталангыс.
Эгерде кол өнөрчүлүктүн кайсы бир түрү менен көп убакытка алетенбей калсам, жан-дүйнөм бук болуп, бир нерсе жетишпей жаткандай боло берет. Качан гана кол өнөрчүлүк жасаганда эс алып жеңилдеп калам.
Алдыдагы максаттарымдын бири-кол өнөрчүлүк унутта калбоо үчүн өз салымымды кошсом дейм. Үйрөнөм дегендерге үйрөтүп келем. Ал эми калганы сыр бойдон сакталсын. Кол өнөрчүлөрдүн райондук, облустук сынактарга катышып жүрөм.

«Фестивалдарга катышып турам»

Ошону  менен бирге билим берүү тармагында эмгектенип келем. Биздин колубузда келечек муундун тагдыры турат, ошол себептүү ар дайым изденип, жаңы усулдарды үйрөнүүгө, аны балдарга үйрөтүүгө аракет кылам. Бул жаатта ийгиликтерим да бар, «Жылдын мыкты тарбиячысы-2018» кароо сынагында биринчи орунду, «Триз педагог-2023» номинациясына ээ болгом. Эки жумушту бирдей алып жүрүү мага кыйынчылык алып келбейт, экөө тең жүрөгүмө жакын.

Астра Маекееванын кызынын эмгектери

Ал эми үй-бүлөдө кыздарым, балдарым сүрөттү жакшы тартышат, сүрөтчү. Кол өнөрчүлүккө шыктуу, убагы келгенде өздөрү жасап, алып кетишет деп ойлойм. Кызым Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин бүттү. Анын кесиби кийимдин дизайны, өзү бычып, тигет, жөндөмдүү.

Барчын Мамытбекова