“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Чернобыль кесепеттерин жоюуга катышуу-Мекен алдындагы жоопкерчилик эле…»

26 Апрель 2026 жыл 20:02
Көрүүлөрдүн саны: 26

Чернобыль кырсыгына быйыл 40 жыл толду. Ушул датага карата эскерүү иш чарасы уюштурулуп, кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкан ардагерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар ошол оор күндөрдү эскерип, радиациянын коркунучу, адам өмүрүнө тийгизген зыяндары жана өз башынан өткөргөн кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти. Алар өздөрүнүн эрдиги, чыдамкайлыгы жана мекен алдындагы милдетин аткаруудагы жоопкерчилиги менен кийинки муундарга үлгү болоорун белгилешти.

Мындан сырткары , “Чернобыль: унутулгус сабак” аталыштагы китеп көргөзмө уюштурулуп,  баяндама берилди.  Ал эми “Эрдик муундан муунга өтөт” китебине жарык көргөн Чернобыль окуясынын каарманы  Эламанов Орозбек агабыздын “Каргашалуу кырсыктын кесепетин жоюуга катышып келгем” аттуу эскерүүсү окулду.

Иш чаранын жүрүшүндө маданият кызматкерлеринин обондуу ырлары тартууланды жана  меймандарга  белектер  тапшырылды.

Барчын Мамытбекова