КРнын Президенти С.Жапаровдун колдоосу менен Баетов айылындагы Адилет сейил багында башталган жаңы заманбап улуттук парктын жана спорт комплекстин курулушу кызуу жүрүүдө.
Бул ири долбоордун жалпы аянты 9 гектарды түзүп, толук кандуу спорттук жана эс алуу аймагын камтыйт.

Жаңы комплекстин курамына чоң спорт залдары, машыгуу бөлмөлөрү, ачык жана жабык спорт аянтчалары, ошондой эле заманбап жабдуулар менен камсыздалган инфраструктура кирет. Мындан тышкары, аймакта стадион, чуркоо жолдору, балдар ойноочу аянтчалар жана жашыл эс алуу зоналары уюштурулат.


Аталган сейин бакта 400гө жакын куурап калган бак-дарактар кыйылып, айыл аксакалдарынын, жаштарынын катышуусунда жакшы тилек, ак бата менен мажүрүм тал, мырза терек, көк терек, ак кайың, өрүк жана алманын көчөттөрү отургузулду. Бул иш чара келечек муундар үчүн жашыл, көрктүү жана пайдалуу чөйрө түзүүгө багытталган. Отургузулган көчөттөр тамчылатып сугаруу ыкмасы аркылуу сугарылат. Бул үчүн атайын даярдыктар көрүлдү.


Ал эми сейил бактын мурдагы тосмосу автоунаалар үчүн тыгын жаратпаш үчүн 2м ичти карай жылдырылды.
Барчын Мамытбекова