“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаанын Кара-Бүргөн айылындагы көрүстөндүн айланасы тосмолонду

29 Апрель 2026 жыл 14:58
Көрүүлөрдүн саны: 32

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында жергиликтүү тургундар тарабынан мүрзөнүн 800м узундукту тузгөн айланасы толугу менен  тосулду.

Аталган айылдын айыл башчысы Кудайберген Руслановдун айтымында, мүрзөнүн арасына мал киргизбөө максатында айланасын тосуу демилгеленип,  колдоого алынган.

 

Тосуу иштерин 1981-жылкы муундагыларлан тарта 2003-жылкы муундагыларга чейинкилер тарабынан айланасын тосууга керектүү темир торлор жана мамылар алынып, ошондой эле тосуу иштерин дагы ар бир муундагылар аткарууга алышты. Мындан тышкары, бейиттин кире беришине көпүрө салуу, дарбаза коюу жана отуруп Куран окуп турганга бастырмача курулары маалым болду.

Барчын Мамытбекова