Ак-Талаа районунда 1-Май Эмгек күнүнө карата ишембилик өтүп, ага айыл аймактын тургундары, жаштары жигердүү катышты. Айлана-чөйрөнү тазалоо менен бирге «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында жүздөгөн жаңы көчөттөр жерге тигилди.

Акимдин орун басары аныбек Эсеналиевдин айтмында район аймагында аталган өнөктүктүн алкагында миңдеген көчөттөр тигилүүдө. «Аймактагы ар бир тигилген көчөт — эртеңки салкын төр, таза аба жана кооздук. Андыктан районубузду жашыл аймакка айландырып, көчөт тигип, аны жулуп кетпей, өстүрүүгө чакырам» деди.
Эске салсак айыл аймактарда ар аптанын ишембисинде ишембиликтер өтүүдө.
Мээрим Тентиева