“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Кол өнөрчүлүк жакшы киреше алып келет» Кол өнөрчү И.Мамешова кол өнөрчүлүктүн сырлары менен бөлүштү

1 Май 2026 жыл 14:19
Көрүүлөрдүн саны: 21

Ирина Мамешова орто мектепти аяктагандан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, киреше таап келет.  Ал учурда  51 жашта, Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылында жашайт, 4 уул, 2 кыздын энеси .

«Кол өнөрчүлүккө 11-классты бүткөндөн бери кызыгып,  алектенип келем. Жолдошум Кубанычбек Исмаиловдун көмөгү менен көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Кийиз менен баардык нерселерди- ырдак, кийиз жер төшөктөр, отургучка салган кийиз көрпөлөрдү, панолорду жана башка көптөгөн кийиз буюмдарын жасап келем. Азыркы учурда буйрутма менен дагы иштейм. Албетте, дайыма алектенем. Ооруп калсам дагы ушул оокаттарды жасасам айыккандай болом», — деди Ирина Мамешова.

Кийиздерге түшүрүлгөн оюу-чиймелер  жолдошумдуку

«Жолдошум Кубанычбек Исмаиловдун колдоосу менен көп ийгиликке жетиштим дегеним, жолдошум дайыма жардам берет. Шырдакка, жер төшөктөргө, айтор бардыгына түшүрүлгөн оюу-чиймелер жолдошумдун иши. Кийиздердерди оюп, кесип берип турат. Бир шырдакты жасоого бир ай убакытым сарпталат.  Азыр бүт кылчык жүндүү кой багып, уяң жүндүү кой баккандар дээрлик жокко эсе.  Мурда өзүбүздүн койлордун жүнүнөн эле кийиз даярдап алчу элек да. Азыр кийизди сатып алам», — деди ал.

Россиядан жана Бишкектен буйрутма беришет.

«Мага көбүнчө шаардан буйрутма беришет. «Россияга уул-кыздарыма беребиз» деп сатып алышат. Анан кызга сеп берчүлөр жасатышат.  Ал эми  отургучтарга салган кийиз көрпөлөрдү (сидужка) туристтер көп алышат. Жасаган ишиңдин акыбети кайтат экен. Бир кезде кол менен жасалган шырдактарды «күбө жейт» деп карабай калышкан. Бүгүнкү учурда кийиз буюмдарга суроо-талаптар көп. Бирок, нукура өңдүү кийиз менен жасалган буюмдарга суроо-талап көп. Мен дал ушул нукура өңдүү кийиз менен жасайм. Эч кандай боёктор кошулбайт», — деди Ирина Мамешова.

Чакан ишкана ачуу максатым бар

«Өзүм жалгыз эле кол өнөрчүлүк менен алектенбестен, буйрутма көп болуп, тез арада бүтүрүп, ээсине тапшырыш керек болгондо айылдан чыккан уз келиндер бар. Ошолор менен биригип, бирге жөрмөп, бирге шырып бүтүрөбүз. Келечекте ишкана ачып, жок дегенде 10 келинди жумуш менен камсыз кылсам деген максатым бар. «Ишкана ачууга долбоор жазсамбы» деген дагы ойлоп жүрөм. Айыл өкмөттөн деле «мындай-тигиндей долбоор келип жатат, фонддон акчалар берилет, долбоор даярдап, ишкана ачпайсызбы» деген сунуштар болду. Бирок, долбоор болгондо деле, акыры барып ал акчаны пайызы менен кошо төлөп берет экенсиң да. Андай кылбай эле өзүмдүн шартым келгенде эле чоң болбосо дагы чакан имарат салдыртып, ошонун ичин жасалгалап, иш алып барсамбы деген үмүтүм бар», — деди ал.

Кол өнөрчүлүктөн жакшы эле киреше табам

«Кол өнөрчүлүктөн жакшы эле киреше табам. Азыр мезгили келди дегендей. Мисалы, 1 шырдакты 25-30 миңге жасайм. Отургучка  салган 1 даана кийиз көрпөнү 500 сомдон сатам. Туристтер 1 миң сомдон алышат. Мындан тышкары, кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмөлөргө, сынактарга катышып, байгелүү орундарга жетишип келгем. Кол өнөрчүлүктөн тышкары, ар кандай маданий иш-чараларга катышып, ырдайм», — деди Ирина Мамешова.

Барчын Мамытбекова