“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Өз укугуңду бил» акциясында 33 жаранга кеп-кеңеш берилди

1 Май 2026 жыл 15:50
Көрүүлөрдүн саны: 39

Кечээ Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтында   5-май Конституция күнүнө карата «Өз укугуңду бил» аттуу акциясы өтүп, анда юридикалык  жардам кызматы, социалдык фонд, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана кадастр мекемесинин адистери катышып, жарандардын суроолоруна жооп беришти.

Акцияда 33 жаран ар кандай маселе менен кайрылды

Юридикадык жардам кызматынын жетектөөчү адиси Бакдөөлөт Абдылдаевдин айтымына  караганда аталган бир күндүк акция жарандарга акысыз укуктук кеңеш берүү максатында уюштурулду.

Бакдөөлөт Абдылдаев (оңдо биринчи) юридикалык жардам кызматынын жетектөөчү адиси

«Акциянын алкагында ар кыл багыттагы маселелер менен 33 жаран кайрылып, аларга тиешелүү адистер жооп беришти. КРнын Юстиция  министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген Юридикалык  жардам кызматы  жарандарга укуктук кеңеш берип, аз камсыз үй-бүлөлөр, аз камсыз үй-бүлөлөр,  I, II топтогу майыптар, оор кырдаалга дуушар болгон балдарга зарыл болсо  акысыз жактоочу менен камсыз кылабыз.  Көп учурда  жер маселеси, пенсия, жөлөк пул боюнча кайрылышат. «- деди ал.

Барчын Мамытбекова