“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада туристтик сезон расмий ачылды

6 Май 2026 жыл 14:47
Көрүүлөрдүн саны: 19

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Жаңы-Талап айылындагы Кошой конуш аймагында жайгашкан туристтик лагерде туристтик сезондун ачылышына арналган фестиваль өткөрүлдү. Иш чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, жергиликтүү тургундар, туристтер жана туризм тармагында иш алып барган жеке ишкерлер катышып, жайкы сезон расмий түрдө ачылды.

Фестиваль улуттук маданиятты жана туризмди өнүктүрүүгө багытталган программалар менен коштолду.

Коноктор үчүн кыргыз элинин салттуу оюн-зооктору жана улуттук тамак-аштар сунушталды.
Иш-чаранын алкагында активдүү эс алууну сүйгөндөр үчүн спорттук оюндар уюштурулду.

 

Аталган аймакта туризм боюнча иш жүргүзүп келген Нурлан Султаналиевдин айтымында жылдан-жылга туристтерди  тейлөө, кабыл алуу жакшырууда,  ошондой эле кабыл алуучу жайлардын дагы саны өсүүдө.

Ал эми мындан  29 жыл мурда облуста биринчилерден болуп, туризм тармагына чыйыр салган Мансургазы Маназаров  бир топ тааныштары алгачкы жылдары   «ушул жерге кайсы турист келет» деп шылдыңдаганын эске салды.

Бул фестиваль туристтерди тартуу, аймактын кооз жаратылышын таанытуу жана жергиликтүү экономиканы колдоо максатын көздөйт.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай фестивалдар жыл сайын өткөрүлүп, Кыргызстандагы ички жана тышкы туризмди өнүктүрүүгө чоң салым кошот. Кыргызстан табигый кооздугу жана маданий мурасы менен туристтер үчүн өзгөчө кызыктуу багыт болуп саналат.


Фестивалды «Соң-Көл ажары» шайыр апалар тобунун концерттик программасы коштоду.


Барчын Мамытбекова