Бүгүн академик жана коомдук ишмер, Жамин Акималиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара анын кичи мекени Баетов айыл аймагына караштуу Үгүт айылында өттү.
Ага Ж.Акималиев үй-бүлөсү менен, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, айыл аксакалдары катышты.
Иш чара алгач академиктин өмүр-жолун чагылдырган театралдык көрүнүш тартууланып, андан соң видео баян көрсөтүлдү.


Келген меймандар, замандаштары тарабынан Ж.Акималиевдин саясий жана коомдук турмушундагы орду , айыл чарба тармагын көтөрүүдө кошкон өзгөчө салымы баса белгиленп, обондору жаңырды.
Барчын Мамытбекова