“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

9 Май 2026 жыл 17:37
Көрүүлөрдүн саны: 15

Бүгүн Ак-Талаа районунун Баетов айылында  Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 81жылдыгына арналган эскерүү иш чарасы белгиленип, ага жергиликтүү бийлик өкүлдорү, айыл аксакалдары, мекеме жетекчилери, айыл тургундары катышты.
Иш чарада алгач эстеликке гүл чамбар коюлуп, баатырлардын жаркын элесине арналып куран окулду.
Андан соң район акими М.Камчыбеков Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, адамзаттын тарыхындагы бул күн ата-бабалардын эрдиги артында келгендигин баса белгилеп, эгемен өлкөбүздүн түптөлүшүндө бул тарыхый күндүн мааниси зор экендигин  айтты.
Мындан сырткары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын «Акимдин резерв» фондусунан акча бѳлүнүп, Ак-Талаа районундагы согуштун катышуучуларынын жесирлерине жана Ак-Талаа районундагы эң улуу аксакалга белектер берилди. Майрамдык салтанат маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолду.


Барчын Мамытбекова