Өткөн кылымда Ак-Талаа районунун Баетов айылында Бөйтө аттуу манасчы жашап өткөн. Небереси Акылбүбү Султаналиеванын айтымында ал кишини айылдаштары манасчы кемпир деп таанышчу. Кылым жашаган Бөйтө апа (1884-1981-ж.ж) тууралуу небереси Акылай эже кеп курду.

Чоң энем “Манас” айтканда токтото албай калышчу
Дүйнөдө кыргыз дегенде “Манасты”, “Манас” дегенде кыргызды тааныйт деп ойлойм. Энем (ушинтип айтчубуз) ушул Терек айылында төрөлгөн экен. Жазганды, окуганды билген эмес. Айтымында жашыраак келин кези экен. Түшүндө шар аккан суунун жээгинде турса, бирөө келип “Бөйтө, сени Манас баатырым чакырып жатат”- дейт экен, чочуп кеттим дейт: “мени баатыр эмне кылат экен”- десе тигине келатат дейт. Манас атчан болсо, мен аркы өйүзгө кантип өтмөк элем дегиче эле баатырдын өзү жанына бастырып келип калганын көрөт. Баатыр жакындап келип батасын берген. Ойгонсом оозум кургап, оозума Манас келип, ошондон кийин айтып калдым” дечү энем. Ошентип Манастын касиети менен 98 жыл өмүр сүрдү. Бир өкүнгөнүм, бир да казынада, кагазда энемдин айткан Манасы жазылып калбады. Эпостон “Манастын бала чагы, “Каныкейдин Тайторуну чапканы”, “Семетейдин кайып болушу” деген бөлүмдөрүн айтканы эсимде. Өмүрүн акырына чейин айылдагы аш-тойлордо чакыртып, атайын айттырышчу. Манас айтканда токтото албай калышчу да, күнү-түнү менен айтаар эле.
Эмчи-домчу дагы болгон. Кичине чикирттеп калган балдарды эмдеп-домдоп айыктырып койчу. Жүрөк көтөрүп, боюнан козголгон аялдардын ичин ондоп берген касиеттери да бар эле.
Сенин энең чаар кемпир дешчү
Чон энем жаш кезинде абдан сулуу, агы ак, кызылы кызыл болгон чырайлуу жан болгон экен. Көз тийип, жүзүнө чечек чыгып, айдай жүзүнө так түшүп, чаар болуп калган экен. Балдар болсо, сенин энең чаар деп чычалатчу мени. Албетте неберени ким гана жакшы көрбөйт, бирок ошолордун ичинен да эң жакыны болот эмеспи. Ошо сыңарындай эгиз уулдарынын кичуусунун кызы болгонум үчүн чон энем мени жакшы көрчү. Мен 10-12 жашымда чоң энем менен чогуу жүрдүм. Өтө мээримдүү, сөзмөр, акылман аял эле. Оозунан макал-лакап төгүлүп турчу, кепти да көркөмдөп, кооздоп сүйлөчү. Жомокту укмуш айтып берчү. Бардык энелер бала-чака, неберелерине чексиз мээрим төккөндөй чоң энем жалынып-жалбарып тураар эле. Балдарга өтө жакын болуп, биз менен топ таш, чүкө ойночу.
Энемдин мурасы эч кимде жок
Манас айтпаган учурда көңкөгө нан бышырып, коңшу-колоң менен самоордон чай ичишет эле. Намазын калтырбай окуп, өзүнө тың, сырттан караган адамга бойлуу, сөөк-саактуу кемпир болчу.
Энемдин манасчылык өнөрүн улап, менин атам Үсөнбек жана атамдын түгөйү Асанбек атамдын баласы Акылбек деген байкем айтчу, көздөрү өтүп кетти. Башкабызда андай касиет Кудайым бербептир. Азыр эч ким айтпайт.
Өзүмдүн энем ыраматылык ачуусу келгенде мени сабоо менен урчу да энемдин чапанынын алдына кире каччу элек. Апабыз урганы ошондо токточу. Ал киши каза болгондо 15 жаштарда элем. Азыр тирүү болгондо кадырлап-урматтап болгон сыйымды көрсөтөт элем.
Барчын Мамытбекова