“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Нарын облусунун башчысы Нурбек Сатаров Ак-Талаа районунда эл менен жолукту

12 Май 2026 жыл 20:49
Көрүүлөрдүн саны: 13

Кечээ, 11-майдан баштап Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо, Ала-Буга, Кара-Бүргөн , Баетов айыл өкмөттөрүндө болуп, эл менен жолукту.  Дубан башчы менен бирге Нарын облусунун прокурору Абдирашит Кубатидинов, Нарын ОИИБнын башчысы Жолболду Кочконов, УКМКнын облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Кошойбек Абдыракманов жана район акими Мирлан Камчыбеков катышты.

Жолугушууда облус  башчы Нурбек Сатаров ачып, учурда мамлекет тарабынан берилип жаткан колдоолор тууралуу маалымат берип, бардык көйгөйлөрдү ачык айтууну өтүндү.

Ар бир аймактагы эки сааттан ашык  жолугушууда  тургундар  турак-жай куруу үчүн жер бөлүү, дарыкана, спорт зал, жол, сугат суунун тартыштыгы, жайыттардын тарышы, айдоочулук күбөлүк алуунун убарасы, мугалимдердин пенсия курагы,  тоолук аймак категориясы, 11 жылдан бери бери курулушу бүтпөй келаткан мектеп, бала бакчаны модернициялоо, тарифтер өңдүү бир катар  маселелер көтөрүлдү.

Тургундар тарабынан айтылган маселелердин бардыгына тиешелүү жооптор жеринде берилди. Ошондой эле  көйгөйлөр  боюнча атайын иш чаралардын планы иштелип,  аткаруу мөөнөтү коюлуп, тиешелүү органдарга тапшырыларын Н.Сатаров билдирди.

Эл менен бийликтин ортосундагы байланышты бекемдөө менен жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди жеринде ыкчам чечүү максатындагы бул жолугушуулар Президенттин Садыр Жапаровдун тапырмасы менен өлкөнүн бардык аймактарында өтүүдө.

Барчын Мамытбекова