Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагында Нарын дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө.

Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Таштан Мокеевдин маалыматына караганда аталган аймактын Чекенди-Талаа тилкесиндеги жээк эрозиясын токтотуу үчүн Нарын дарыясынын жэктерин жеген нугун дамбалап, буруу иштери жүрүүдө. Бекемдөө иштери үчүн бир даана казтамандуу эксковатор тартылды. «Эрозия болуп жаткан жээкте 15-метр аралыкта 300 Га айдоо аянттарына сугат суусун алып баруучу канал жана айдоо аянттар бар. Мурдагы жылдары эрозия жергиликтүү тургундардын болжолдуу 12 га айдоо аянттарын жеп кеткен. Бул иштер эрозиядан коргоо үчүн чукул чараларды көрүү болуп саналат»-деди ал.
Барчын Мамытбекова