“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо иштери жүрүүдө

17 Май 2026 жыл 19:55
Көрүүлөрдүн саны: 85

Учурда Ак-Талаа району боюнча 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында оңдоо жана кайра куруу иштери жүрүп жатат. Жылдык иш-пландын негизинде 460 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгыларын жана 246 даана 10/0,4 кВ көмөк чордонду техникалык тейлөөдөн өткөрүү жана оңдоо мерчемделген.

 

Апрель тартып бүгүнкү күнгө чейин 145 чакырым аба чубалгысы жана 114 даана көмөк чордон оңдоодон өткөрүлдү.

Ак-Талаа райондук электр тармактар ишканасынын башчысы Алмаз Тостоковдун маалыматына таянсак, даярдык көрүү иштери пландын негизинде жүргүзүлүп жатат.  Ошондой эле калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо жана тармактын кубаттуулугун жогорулатуу максатында Баетов айыл аймагында 250 кВАлык трансформатордун ордуна 400 кВАлык ГКТП (шаар тибиндеги трансформатор) орнотуу, ошондой эле 5,5 чакырым СИП-2 жана 1,3 чакырым СИП-3 зымдарын тартуу жана алмаштыруу иштери оңдоп-түзөө өнөктүгүнүн алкагында жүргүзүлүп, жыл аягына чейин толук аткарылат» деди ал.

Мындан сырткары, өздүк өндүрүштөн чыгарылган темир-бетон буюмдар цехинен СВ-95,105 үлгүсүндөгү электр мамылары алынып келинип, жаңы орнотулууда. Жыл аягына  чейин жалпы 344 даана электр мамысын алмаштыруу мерчемделген.

Бул иштер Ак-Талаа районунун бир катар айылдарында электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн арттырып, калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.

Барчын Мамытбекова