“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаалык балбандар грепплинг боюнча чемпионатта байгелүү болушту

17 Май 2026 жыл 20:04
Көрүүлөрдүн саны: 132

Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы Рыскелди уулу Туратбек атындагы спорт клубдун ADCC грепплинг күрөшү боюнча КРнын чемпионатына катышкан 11 балбандын сегизи байгелүү болушту.

Аталган айылдагы Рыскелди уулу Туратбек атындагы спорт клубдун негиздөөчүсү, спортчу жана машыктыруучу Камчыбек Төлөпалды уулунун айтымында, Бишкек шаарында ADCC грепплинг күрөшү боюнча 2026-жылдагы Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтүп, ага аталган спорт клубдан 18 жаштан жогорку 11 балбан катышты.

— 1-орун э Азирет Жунусбеков,
— 2-орун Майрамбек уулу Адил,
— 2-орун Ныязбек уулу Алишер,
— 2-орун Усман Токталиев,
— 3-орун Бексултан Бердалиев,
— 3-орун Майрамбек уулу Тариел,
— 3-орун Эрлан Токталиев камсыздады.

Мындан тышкары, машыктыруучу Камчыбек Төлөпалды уулу өзү дагы 77 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, грэпплинг боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону болду.

«Эки окуучума жана өзүмө айылдаш иним тарабынан эмгегибиз бааланып белек катары «IPhohe 17 pro max» үлгүсүндөгү телефон белеке берилди. Мен үчүн эң башкысы спорт жана окуучуларымдын ийгилиги. Негизги максатым окуучуларымды өстүрүү, алардан дүйнө чемпиондорун чыгаруу жана ветерандар арасында эркин күрөш боюнча жана грепплинг күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болуу максатым бар», — деди Камчыбек Төлөпалды уулу.

Барчын Мамытбекова