Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Алманбет Акматов ээлеген кызматынан бошотулду.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, Алманбет Акматов жүйөөлүү себептердин жана өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматынан алынган. Ал бул кызматка 2025-жылдын август айынын аягында дайындалган болчу.

Айыл аймактар ирилештирилгенден бери ушуну менен Тоголок Молдо айыл өкмөтүнө дайындалган үчүнчү айыл өкмөт кызматынан алынды. Тоголок Молдо айыл өкмөтү түзүлгөндөн бери Алмаз Абдылдаев, Сьезбек Мыктыбеков жана Алманбет Акматов айыл өкмөт башчысы болгон. Тоголок Молдо айыл аймагынын курамына Ак-Кыя, Кызыл-Белес, Кара-Ой (мурунку Тоголок Молдо) жана Ак-Тал айылы кирет.
Барчын Мамытбекова