Бүгүн 18-май Эл аралык музейлер күнү. Мына ушуга байланыштуу Ак-Талаа райондук тарыхый этнографиялык музейинде «Музей — тарыхтын тирүү барагы» аталыштагы маданий иш чара белгиленип, ага район бийлигинин өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, кол өнөрчүлөр, санжырачылар жана тарыхчылар катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө көрүүчүлөргө концерттик программа тартууланды. Мындан тышкары, жүндөн кийизге пано жасоо, жээк ийрүү боюнча жана топ таш, упай оюну боюнча чеберчилик көрсөтүлдү.
Ошондой эле, тарых жана музей туурасында викторина ойнотулуп, ошол эле учурда улуттук тамак-аштардан көргөзмөсү уюштурулду. Салтанаттын соңунда, чеберчилик көрсөткөн көрсөткөндөргө тарых музейинин атынан ыраазычылык каттар ыйгарылды.
Эскерте кетсек,
— Музейлердин Эл аралык музейлер күнү расмий түрдө 1977-жылдан бери белгиленип келет.
Бул чечим 1977-жылы Эл аралык музейлер кеңешинин Москва жана Ленинград шаарларында өткөн 11-башкы конференциясында кабыл алынган. Ошондон бери, жыл сайын 18-май күнү дүйнөнүн 150 дөн ашык өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда да кесиптик майрам катары кеңири белгиленип келүүдө.