“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада жарандарды турак жай менен камсыздоо багытында 214,25 га жер трансформацияланат

18 Май 2026 жыл 17:19
Көрүүлөрдүн саны: 6

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Касмалиев Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагындагы бир катар айыл чарба багытындагы жер тилкелерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) тууралуу токтомго кол койду.

Жалпы 214,25 га жер трансформацияланат

Иллюстрациялык сүрөт

Баетов айыл өкмөтүнүн турак-жай жана коммуналдык чарба боюнча адиси Батма Жакшылыкованын маалыматына караганда учурда 2200дөн ашык жаран турак-жай салуу үчүн кезекте турганын, бирок бул көрсөткүч күн санап көбөйүп жатканын айтты.

Бул- аталган аймакта жашаган жүздөгөн жарандардын көптөн күткөн маселесине жол ачкан маанилүү чечим болду. Айрыкча, турак жай салуу үчүн кезекте турган жарандар үчүн чоң үмүт жана мүмкүнчүлүк жаратат. Себеби акыркы жылдары калктын саны өсүп, турак жайга болгон муктаждык күчөгөнү менен жер берилбей келген. Эми трансформациялоо процесси жөнөкөйлөшүп, жарандардын мыйзамдуу негизде үй салуусуна шарт түзүлөт. Бул -жөн гана жер маселесин чечүү эмес, үй-бүлөлөрдүн келечегине, балдардын коопсуз жана туруктуу шартта жашоосуна өбөлгө болгон социалдык маанилүү кадам.

Барчын Мамытбекова