“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Акталаадагы күтүүсүз табылга: адам сөөгү кимге таандык?»

18 Май 2026 жыл 20:38
Көрүүлөрдүн саны: 359

Ак-Талаа районунун Баетов айылында таза суу траншеясын казып жаткан учурда жер алдынан адам сөөгү чыкты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, кечээ 16-май күнү аталган айылда таза суу үчүн траншея казылып жаткан учурда жер алдынан эскирип, чирип калган адам сөөгү чыккан.  Ал жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери чакырылган.

Ак-Талаа райондук тарыхый этнографиялык музейинин директору Зейнеп Жаналиева сөөк экспертизага жиберилерин айтты.

«Бизге таза суу казылып жаткан траншеядан эскирген адам сөөгү табылгандыгы боюнча билдиришкен. Сөөк Аркабаев Сапаралы көчөсү менен Эмилбеков Асанкан көчөлөрүнүн кесилишинен чыгыптыр. Ал сөөк учурда райондук ички иштер бөлүмүндө экен. Биз бүгүн барып көрүп келдик. Сөөктү экспертизага Бишкекке кетиребиз дешти. Ошондон кийин гана толук маалымат беришерин айтты. Бизде деле толук маалымат жок», — деди З.Жаналиева.

Ал эми Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Кундуз Эсенгулова сөөк экспертизага жөнөтүлгөндүгүн айтты.

Кечээ Баетов айылында 16-май күнү таза суу үчүн траншеа казып жаткан учурда адам сөөгү табылган экен. Музей кызматкерлери сөөктү 18-кылымга таандык болушу мүмкүн экен дешиптир. Бул боюнча экспертиза дайындалып, сөөк Бишкекке экспертизага жөнөтүлдү», — деди К.Эсенгулова.

Барчын Мамытбекова