“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Экзотикалык үй жаныбары: кызыл кулак ташбаканын жашоосу» жөнүндө

18 Май 2026 жыл 18:03
Көрүүлөрдүн саны: 8

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын тургуну 48 жаштагы тургуну Абдалбек Турсуналиев мал чарбачылык, дыйканчылык  менен алектенет жана үй канаттуулары менен бирге  өзгөчө жандык-кызыл кулак суу ташбакасын  багып жатат.

                                                Чабакты укмуш жейт

«Таш баканы шаардагы уулум бөбөктөрүнө берип жибериптир.  Үкөккө салып, чакага суу куюп , чакага дагы салып коёбуз. Атайын жемин кошо алып берген. Ошондон, кээде жашылча дагы беребиз. Балдарым саздан чабак кармап беришет, аны  укмуш жейт экен. Бул ташбаканы кызыл кулак суу ташбакасы деп коёт. Кичинекей кезинде алып келгенбиз. Азыр көлмөдө багып жатам. Суу аккан арыктын жээгинде жүрө берет. Кааласа сууга түшүп кетет, кааласа куракка чыгып алат. Бирок, балдар карап турушат. Антпесе, суу бойлоп жоголуп кетиши мүмкүн да. Негизи сууда жашайт. Бирок, күнгө чыгып жылынганды жакшы көрөт. Азырынча жөн эле кызыгып багып жатам. Биздин климатка деле көнүп кетет. Болгону, суу жылуу болуп турушу керек. Эгер, жакшы бакса бул ташбака 50-60 жылга чейин жашайт. Ташбаканын жашын үстүндөгү бөлүк-бөлүк болуп турган ташынан карап санаса болот», — деди Абдалбек мырза.

         Үй канаттууларын бакканга дагы кызыгам

«Жеке эле сойлоп жүрүүчү жаныбарларга эмес, учкандарына деле, чуркагандарына деле кызыгам. Кээде, алдыман жылан чыгып калса кармап алып, желим бөтөлкөгө салып коём. Анткени, айрымдар дарылыкка жегенге «жылан таап берчи» деп калышат. Сурашпаса коё берип жиберем, сурап калышса берип коём. Ал эми канаттуулардын бардык эле түрүн баккым келет. Быйыл 15 баш үндүк сатып алгам. Кудай буюрса канаттууларга ылайыктап короо-жай салып жатам. Үндүк, каз, өрдөк көбөйтсөкпү деп жатабыз. Ошондой эле төө куш багууну дагы пландап жатам», — деди Абдалбек Турсуналиев.

Маалымдама

Кызыл кулактуу таш бака — дүйнөдө эң кеңири тараган үй таш бакаларынын бири. Анын аталышы кулагынын жанындагы кызыл сызыктардан улам коюлган. Бул ташбака тайыз көлдөрдү, көлмөлөрдү жана жээктери жапыз, саздак башка сууларда жашайт. Тойгондо таш бака жээкке сойлоп, күнгө күйөт. Ачка болгондо тамак издеп жай сүзөт. Ал коркунучту 30–40 метр алыстан байкай алат, андан кийин сууга бат түшүп кетет. Ошондуктан, анын лакап аты «Слайдер».  Кызыл кулактуу слайдерде көрүү жана жыт сезүүсү жакшы өнүккөн. Көрүүдөн айырмаланып угуусу начар өнүккөн. Бирок, кызыл кулактуу слайдерлер угуу менен навигацияны абдан жакшы билишет.

Барчын Мамытбекова