“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Өзүбүздүн улуттук баалуулуктарды унутпасак… Кол өнөрчү Батма Бейшеева

18 Май 2026 жыл 15:19
Көрүүлөрдүн саны: 316

Батма Бейшеева  бардык убактысын кол өнөрчүлүккө арнаган айым. Өз айылына уз катары таанылган каарманыбыздын кол өнөрчүлүккө кандай эмгек тийиштүү болсо ошонун бардыгын жасоо колунан келет. Ак-Талаа районунун, Жерге-Тал айылынын тургуну.


Тыбытты азыр ийрибей, акчасына карап өткөрүп жатабыз.
“Кичинекей кезимен үйрөндүм. Чон энем иштүү аял эле, апам, таенем да өз учурунда өрмөк соккон, уз болчу. Илгери боз үй чанда эле кишиде боло турган. Чон энем бизге чий чырматчу, шырдык шырытчу, айтор аял оокаттын баарын үйрөтүп, жасатты. Ал кезде чийбаркыт деген кездемеге, ак матага (болотнай) сайчу сайманы, аны үйрөнүп, 10-класста керебет этек сайдым. Кийин жабуу(покрывало) деген чыкты, аны да сайдык. Заманга жараша улам жаңы нерсе чыгып, ортодо эскилер колдонулбай калды. Албетте ичиң ачышпай койбойт. Азыр эми кээде жоолуктарды түйүп жүрөм. Шырдак көп процессти талап кылат эмеспи, оюу түшүргөндөн тартып, даяр болгонго чейин өзүм жасайм.  Кемчилигим десем кандай болот болду экен, бир гана шырдак шырыганда учукту жалгабайм. Өзүм апам учукту текке  кетирбей бири-бирине жалгачу. Апамдын ошонусун баалайм. Чон энем болсо тыбытты укмуш ийричү, жаңы төрөлгөн балага уядай жылуу болот  деп байпак түйдурүп берчү. Азыр эми тыбыт ийриген киши жок. Эчкини тарап, акчасына кызыгып өткөрүп жиберип жатпайбызбы.

 

Батма эже түйгөн жоолук

Кыргыздын боз үйүнө кызыгам, бардык жасалгасын жасайм
Кыргыздын боз үйүнө кызыгам, ага эмне буюм, ичине кандай жасалга керек болсо өз колуман чыгат, аяк кап секиче, чачык, жаян чачык түйөм. Буйрутма менен дагы кардардын каалоосундай кылып жасап берем. Кийим да тигем. 2024-жылы айылдагы бала бакчада семинар болду. Ошол иш чарага эмне жасалга керек болсо, жасап кол кабыш кылдым деп айта алам. Улуттук оюндарындагы ат, улак, коён, мамалак өңдүү жаныбарлардын кебин, бала бакчадагы кыздарга кийимдерин тиктим, көрсөтмө курал жасап берчүмүн.

 

Батма айым тикке кийимдер


Ар бир эмгегим жакшы сезим тартуулайт
Келин болуп түшкөн жеримде кайын энем да кол билги, мыкты, уз аял эле. Ал кишиге кол кабыш кылып жүрүп, тебетей, ичик тиккенди кайын энемен үйрөндүм. Көзү өтүп кеткенден кийин улантып көрсөтүп, үйрөтүп кеткендей жасап калдым. Кол өнөрчүлүк мага өзгөчө шык берет. Чарчабайм, жасагандан тажабайм. Ар бир эмгегим өзүнчө бир жакшы сезим тартуулайт. Эгер мен баштаган ишти, баша бирөө улантса туура эмес жасап койчудай сезим келе берет, ошол үчүн өзүм баштаган нерсени, өзүм бүтүрөм.

Мээнет менен жасалган буюмду сактоо да түйшүк
Чаян өрүш боз үйгө абдан жакшы көрк берет. Азыр эми шаардагы кафе-ресторандарга да ушул чаян өрүштү илип алышты. Жабык баштын чачыларын да мурда байбичелер жүндөн ийрип жасачу эле, азыр аны деле сатыктагы даяр жиптерден жасап калдык. Жип ийриген киши деле аз. Оңоюна качырып, көпчүлүк ошондон буйрутма берет. Бирок баары бир жүндөн жасалганы мыкты болот.
Эки кызым,эки уулум бар. Келиндеримдин бири тигүү цехинде иштейт. Бир кызым болсо  мен жасаган оокаттарды кошо кармашып жүрүп, үйрөндү, билет, бирок кол иш кармабайт.
Жүндү күбөдөн сакташ үчүн жайдыр-кыштыр күнгө жайып, ысыкка кактап, арасына ач эрменден коюп, жедирбей сактаганга аракет кылып калышты. Канча мээнет менен жасалган эмгек, сактоо да ошондой түйшүк. Азыр мындан сырткары курттардан сактачу дарылар бар дегендей, сактоо жеңилирек. Чоң энем нафталиндин (дары) таблеткасын салчу. Ач эрменди кээде кайнатып, шыпыргы менен чаччу. Азыр деле айрымдар ошол ыкманы колдонот.
Кайын энем күжүрмөн киши эле…
Кайын энем иштүү болчу деп жатпаймбы. Кийин тери да иштеттик. Жүндөрү кыска кыркылган козунун, койдун терилерин ашатып, тон (дубленка), пиджак тиктик. Андан сырткары жүндү аппак кылып жууп, ак кийиз жасап, калпак тиктик. Ушундай күжүрмөн кайын энем бар эле. Кийизди жука кылып жасап, аны бышырып, үбөлүк менен боорлоп, ошондон калпак тикчүбүз. Саймасын дая өзүбүз сайчубуз. Ушундай күжүрмөн кайын энем бар эле. Кайын атам менен кайын энемдин алтын тоюнда келген конокторго өзүбүз жасаган калпактарды кийгизгенбиз. Азыр эми калпактын сонун бир түрлөрү чыкты.

 


Боз үй себет жасап жатам
Азыр шартка байланыштуу шаарда жашайм. “Кыялга” (соода борбору), борбордук аянтка, кол өнөрчүлүк боюнча эмгектер коюлган жерлерге барып, эмне жаңылык болуп жатыптыр, кандай белдемчи, кандай пиджактар чыкты экен деп кызыгып, атайын карап келем. Ортодо кол өнөрчүлүк бааланбай калды эле. Бирок азыр кайра, улуттук баалуулуктарга маани берилип, кийинки муундар билип калсын деп жандандырып жатпайбызбы. Бул абдан жакшы.
Жакшылыктарда себет алып барып калбадыкпы. Айрыкча кудага даярдайбыз. Мен боз үй себет жасап жатам. Айылдан буйрутма бергендер бар.

https://youtube.com/shorts/GkKyrxFJr_o?si=N-HjNMr3fr8xGaVP