“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаада жазгы эмдөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө

19 Май 2026 жыл 16:28
Көрүүлөрдүн саны: 134

Ак-Талаа районунда  ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү жана жайыт-тоют кызматы тарабынан жазгы пландуу эмдөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө ири мүйүздүү бодо малдардын арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында бир катар эмдөө иштери аткарылып, бруцеллез оорусуна каршы 3 айдан 18 айга чейинки ургаачы торпокторго ШТАММ-19 вакцинасы менен 1800 баш эмделди.

Мындан сырткары,  карасан оорусуна каршы 8820 баш, нодулярдык дерматитке каршы 1130 баш жана шарп оорусуна каршы 7998 баш бодо мал эмдөөдөн өткөрүлдү.

Кой-эчкилер арасында дагы профилактикалык иштердин алкагында жугуштуу күл (оспа) оорусуна каршы 92 миң баш, чума оорусуна каршы 115 миң 500 баш эмделди.  Аталган кызматтын жетекчисинин орун басары Инават Макеилованын маалыматына караганда  кой-эчкилердин бруцеллез оорусуна каршы 3 айдан 8 айга чейинки ургаачы козу-улактардан 58 миң 500 баш вакцина алды.

«Мамлекет тарабынан  шарп илдетине каршы 18 миң доза 5 валенттүү вакцина бөлүнүп берилип, жергиликтүү жеке ветеринардык дарыгерлер эмдөө иштерин жүргүзүп жатканын жана аларга кызмат акысы катары мал ээлеринен 50 сомдон төлөнөт.  Ал эми  жугуштуу зооноздук оору болгон эхинококкоздун алдын алуу боюнча калк арасында да  түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 1099 итке жана 586 мышыкка дары-таблеткалар берилди»-деди И.Макеилова.

Жайлоого көчүү мезгилинде майда жандыктарды оспа, чума жана бруцеллез ооруларына каршы, ал эми ири мүйүздүү малдарды шарп, карасан, бруцеллез жана нодулярдык дерматит ооруларына каршы эмдөө иштери улантылып, эмдөөдөн өткөн малдарга тиешелүү ветеринардык справкалар берилип жатканын жана  райондо эпизоотиялык абал туруктуу   экенин, ветеринардык кызматтын көзөмөлүндө турганын билдирди.

Барчын Мамытбекова