“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада Жалпы республикалык тестирлөөгө 433 окуучу катышууда

19 Май 2026 жыл 15:39
Көрүүлөрдүн саны: 146

Жогорку окуу жайларына тапшыруучу абитуриенттер үчүн өлкөдө 17- майдан бери Жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы өтүүдө.

(Иллюстрациялык сүрөт)

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гүлмайрам Нурманбетованын  маалыматына караганда район боюнча 433 окуучу ЖРТ тапшыруу үчүн каттоодон өткөн. «Каттоодон өткөн бардык окуучу тестке катышып жатат. Жалпы район боюнча  быйылкы окуу жылында 427 окуучу 11-классты бүтүрүп жатат. Булардын 392си тестке кирди» деди Г.Нурманбетова.

Эскерте кетсек, Жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи  этабына катталууга жетишпей калгандарга кошумча мүмкүнчүлүк берилет. Тактап  айтканда 20-майда экинчи этапка кошумча каттоо   жүрүп, 21-23-май күндөрү тест тапшыра алышат.

Барчын Мамытбекова