“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаанын Чолок-Кайың айылында таза суу долбоору ишке ашууда

19 Май 2026 жыл 16:49
Көрүүлөрдүн саны: 176

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылында жалпы наркы 205 млн 453 миң 668 сомго таза суу  тартуу иштери башталды.

Аталган  айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Медетованын айтымында, аталган айылда союз учурунда таза суу тартылып берилген. 2012-жылдары суу топтоочу жайы курулган. Бирок андан бери калктын саны өсүп, таза суу пайдалануучулардын дагы саны өскөндүгүнө байланыштуу таза суу тартыштыгы пайда болгон. Мындан улам, республикалык бюджеттен акча каражаты каралып, капиталдык курулуш башкармалыгы менен «Мух-Бол Асман» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда 2025-жылы келишим түзүлүп, таза суунун курулуш иштери башталды. Ал эми келишимге ылайык  курулуш иштери 2027-жылдын март айында бүткөрүлөрү белгилүү  болду.

Барчын Мамытбекова