“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаанын Чолок-Кайың айылындагы ооруканага саркындуу суу үчүн жай курулду

20 Май 2026 жыл 20:00
Көрүүлөрдүн саны: 9

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылдык ооруканасына долбоордун негизинде саркынды сууларды чогултуу жайы курулду.

Ала-Буга айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Айнура Медетованын айтымында, аталган айылдагы оорукананын имараты союз учурунда курулуп, 2024-жылы райондук өнүктүрүү фонддун эсебинен толук оңдоодон өткөрүлгөн. Мындан улам, райондук өнүктүрүү фондуна саркынды сууларды чогултуу жайын курууга долбоор сунушталып,  1 млн 91 миң 929 сомго аталган саркынды сууларды чогултуу жайы  курулду.

    «Оорукананын имараты союз учурунда курулган. Канализациясы бар болчу. Бирок, иштебей турган. 2024-жылы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, таза суу, жуунучу жай, даараткана киргизилген. Ошондой эле, колго казылып жасалган саркынды сууларды чогултуу жайы болгон. Бирок, талапка жооп бербегендиктен жаңы  жай куруу зарылдыгы келип чыккан», — деди А.Медетова.

Барчын Мамытбекова