“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаанын Чолок-Кайың айылында 48 эне «Ардактуу атуул» наамын алды

21 Май 2026 жыл 13:24
Көрүүлөрдүн саны: 11

Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында Энелер күнү белгиленип, анда 48 энеге «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды. Ала-буга айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Медетованын маалыматына караганда, аталган айылда Энелер күнү менен бирге  Б.Календеров атындагы жалпы билим берүү мектебинин ыр, бий жана комуз ийримдеринин жылдык отчеттук концерти концерти тартууланды.

  Таланттуу окуучулар менен бирге айылдык маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан энелер үчүн майрамдык концерт уюштурулду.

Ошондой эле спортчу жана машыктыруучу Камчыбек Төлөпалды уулу тарабынан энелерге белектер тапшырылды.

Мээрим Тентиева